Депутат Кубанычбек Жумалиевдин батири менен жер тилкеси гана бар,- адвокат

Окуялар тизмеги 29 Май 2020 19:06
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиевдин адвокаттары Жыргалбек Бабаев менен Бактыбек Жумашев 29-майда Бишкекте басма сөз жыйын өткөрүштү.

Жактоочулар депутаттын мүлкү, декларациясы тууралуу маалымат беришти.

Адвокат Жыргалбек Бабаев 2005-жылга чейин Жумалиевдин менчигинде бир батир жана бир нече жер тилкелери болгонун айтты. 2005-2015-жылдары депутат ишкерлик менен алектенгенин, көптөгөн компания, фирмалар ушул мезгилде ачылганын, анын көбү билим берүү тармагындагы ишканалар экенин жана коммерциялык максатты көздөбөгөнүн билдирди. Адвокаттардын айтымында, учурда Жумалиев ачкан компаниялардын сегизи гана бар. Алар 2015-жылы депутат болгондон кийин сегиз компания үчүнчү тараптын башкаруусуна өткөрүлүп берилгенин, азыр анын бул фирмаларга катышы жок экенин маалымдашты.

Ал эми калган 42 фирма башынан эле жакшы иштебей, кийинчерээк токтоп калганын, көбү жабылганын, калганы жоюлуу алдында турганын, ошондуктан алар депутаттын кирешелери тууралуу декларациясына кирбегенин кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кубанычбек Жумалиев учурда Байтик баатыр көчөсүндөгү батирге жана Эркиндик көчөсүндөгү жер тилкесине ээ. Анын жубайынын Түлеев жана Шопоков көчөлөрүндө кыймылсыз мүлкү бар. Депутаттын балдары жер тилкесине жана батирге ээлик кылат.

«Бул мүлк Жумалиев ишкерлик менен алектенгенде алынган. Бардык документтер бар. Керек болсо тергөө органдарына беребиз»,- деди Жыргалбек Бабаев.

Буга чейин Сыймык Жапыкеев аттуу жарандык активист Кубанычбек Жумалиевдин күмөндүү жол менен тапкан байлыгы 2,5 миллиард долларга жетерин айтып чыккан. Анын жана башка кишилердин байлыктарынын мыйзамдуулугун текшерип чыгууга чакырган.

Кубанычбек Жумалиев өз дарегине айтылгандарды четке кагып, Жапыкеевди сотко берип, он миллион сом өндүрүп берүүнү суранган. Ал доо арыз сотто карала баштады.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) депутатка карата сотко чейинки териштирүү иштерин баштаган. Мекеме Жумалиевге жана анын жакындарына таандык көп сандаган мүлк аныкталганын билдирген.

Ички иштер министрлиги «Чоң казат» кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеевдин Интернеттеги билдирүүлөрү жана чакырыктары боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын да маалымдаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.