Актөбөнүн хром заводунда чыккан өрт 4 жумушчунун өмүрүн алды

Окуялар тизмеги 29 Май 2020 10:45
0 ой-пикир

Казакстанда хром заводундагы өрт кырсыгынан төрт жумушчу каза тапты. Бул тууралуу Актөбө облустук ден соолукту сактоо башкармалыгы менен эмгек инспекциясы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 28-майда болгон. Өндүрүштө колдонулган бактын ичиндеги химиялык калдыкты тазалап жатканда бир жумушчу күйүп кеткен. Аны куткаруу үчүн беш жумушчу 50 куб метр бактын ичине түшкөн. Баары күйүк алган. Анын кесепетинен төртөө жан берди, экөө ооруканага түштү.

Бул окуя боюнча “ Байкабастыктан эки же андан көп кишинин өлүмүнө алып келген эмгек коопсуздугун бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ооруканадагы жумушчулардын бети, мойну жана колдору күйгөн. Бири – 32, экинчиси – 36 жашта. Абалы оор экендиги айтылды.

Хром кошулмалар заводу Актөбөнүн четинде жайгашкан. Ишкана монохромат, натрий бихроматын жана авиация, мунай өндүрүү, фармацевтика тармагында колдонулуучу заттарды чыгарат. Хром кошулмалары дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнө экспорттолот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.