Өзбекстан Россиядагы 786 жаранына акчалай жардам берди

Окуялар тизмеги 28 Май 2020 09:47
0 ой-пикир

Өзбекстандын Москвадагы элчилиги ачкан «Мехр» кайрымдуулук фонду Россияда калган 786 өзбек жаранына 4,9 миллион рубль (68,9 миң доллар) өлчөмүндө акчалай жардам берди.

Өзбекстан ТИМи 14-майдан 22-майга чейин жардам алган өзбекстандыктардын 493ү Россияда окуп жүргөн студенттер экенин билдирди.

Материалдык жардам алгандардын арасында мүмкүнчүлүгү чектелген беш жаран, эки жашка чыга элек балдары бар 32 аял, кош бойлуу жети келин жана коронавирус жуктуруп алган 13 киши бар.

Мындан тышкары Өзбекстандын Санкт-Петербургдагы консулдугу хостелде жашап жаткан 41 өзбекстандыктын жашоо акысын төлөп бергени кабарланды. Ошондой эле 18-майдан 23-майга чейин 202 муктаж үй-бүлөгө эки жумага жеткидей азык-түлүк жеткирилген.

Өзбекстандын элчилиги 14-майдан тартып Россияда оор абалда калган жарандарга акчалай жардам берилерин билдирген.

«Бул жардам жарандын банк картасына бир жолу 12 130 рублден которуу аркылуу ишке ашырылат», — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

«Мехр» кайрымдуулук акциясын өнөктөштөр жана демөөрчүлөр колдоп келишет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.