Сооронбай Жээнбеков Москвада 24-июнда боло турган Жеңиш парадына катышат

Окуялар тизмеги 28 Май 2020 16:18
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 24-июнунда Москвада боло турган Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышат. Бул маалыматты президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева тастыктады.

«Президент Сооронбай Жээнбеков Москвада 24-июнда боло турган Жеңиш парадына катышат», — деди ал.

Эске сала кетсек, буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин Жеңиш парадын 24-июнда өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча тапшырма берген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.