Нарын облусунда саламаттык сактоонун убактылуу жаңы координатору менен оорукананын башкы дарыгери дайындалды

Окуялар тизмеги 28 Май 2020 19:15
0 ой-пикир

Нарын облусунда саламаттык сактоонун убактылуу жаңы координатору менен оорукананын башкы дарыгери дайындалды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, республикалык ыкчам штабдын сунуштамасынын жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде Нарын облусундагы Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директору М. Алияскаровго сөгүш жарыяланып, андан саламаттыкты сактоо боюнча облустун координаторунун функционалдык милдеттерин аткаруу алынган.

Мындан тышкары, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору А. Койчуманов ээлеген кызматынан бошотулган.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директорунун убактылуу милдетин аткаруучусу болуп Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын клиникалык-диагностикалык иштер боюнча башкы дарыгеринин орун басары Б. Төлөгөнов дайындалган.

Ал эми эпидемияга каршы иш-чараларды уюштурууну, көзөмөлдөөнү күчөтүү жана облустагы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча дарылоочу-алдын алуучу уюмдардын ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн Нарын облусуна иш сапар менен жиберилген Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматовага 2020-жылдын 28-майынан тарта атайын буйрук чыкканга чейин саламаттык сактоо боюнча облустун координаторунун милдеттерин аткаруу жүктөлгөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.