Калича Умуралиева кармалган жок, — жактоочу Эрик Ирискулбеков

Окуялар тизмеги 28 Май 2020 20:07
0 ой-пикир

«Шаардык парктар» муниципалдык ишканасынын башчысы Калича Умуралиеванын иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүлүп, белги коюлган акчалар табылган жок. Бул тууралуу анын жактоочусу Эрик Ирискулбеков билдирди.

«Анын иш бөлмөсүндө тинтүү болду, ошондуктан УКМКнын шаардык бөлүмүнө чакырылды. Калича Умуралиева учурда кармалган жок. Толук маалыматты кийинчерээк беребиз», — деди ал.

Калича Умуралиева өзүнө каршы «коммерциялык сатып алуу» беренеси боюнча иш козголгонун айтууда.

«Арызды Тажибаев деген бирөө жазган, ал Ынтымак паркында коммерциялык түйүн койгусу келген. Ал эки айга деп 50 миң сом төлөгөн, ал акчалар мыйзам чегинде кириштелген. Келишим мага эки айга төлөм алууга мүмкүндүк берет. Эмне үчүн кылмыш иши козголгонун түшүнбөй турам», — деди ал.

Буга чейин Айрым ЖМКлар Умуралиева 80 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын жазып чыгышкан.

УКМК окуя боюнча комментарий бере элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.