Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион ачылды

Окуялар тизмеги 28 Май 2020 16:32
0 ой-пикир

Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион машыгуулар үчүн ачылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Агенттиктен билдиришкендей, 27-майдан тарта стадиондун чуркоочу жолунда машыгуу өткөрүүгө уруксат берилди. Стадиондо тиешелүү санитардык талаптар, гигиеналык эрежелер сакталышы керек. Ошондой эле, коронавирус инфекциясынан коргонуу максатында стадионго келгендер ортодо 1,5 м аралыкты сактап, машыгыш керек.

Стадиондун кире беришинде машыгууга келгендердин жана кызматкерлердин дене табын текшерүү жүргүзүлөт.

Бардык каалоочуулар күнүгө эртең менен саат 06:00дөн 09:00гө чейин, кечинде саат 18:00дөн 21:00гө чейин стадиондо машыга алышат.

Кирүү акысыз. Машыгууга келгендер стадионго спорттук бут кийим менен гана киргизилет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.