Өзбекстан: бир суткада 72 адамдан коронавирус аныкталды. Жалпы 3333

Окуялар тизмеги 27 Май 2020 14:15
0 ой-пикир

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 3 миң 333 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 72 учур катталган. Ал эми 29 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго жөнөтүлгөн. Бир бейтап каза тапкан.

Учурда Өзбекстанда 3 миң 333 адам илдет жуктурса, анын 2 миң 636сы айыккан. Ал эми коронавирус жуктурган 14 бейтап каза болду.

«Өзбекстанда карантин 1-июнга чейин узартылган. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша «кызыл», «сары» жана «жашыл» сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган. 22-майдан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен парк, музейлер жана көркөм галереялар иштеп баштады», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.