2020-жылдын биринчи чейрегинде эмгек мигранттарынын акча которуулары 19%га кыскарды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылдын биринчи чейрегинде жеке жактардын акча которуулары 343 млн долларды түзүп, былтыркы жылга караганда 19%га кыскарган.