Депутат Конушбаев тармактык комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды

Окуялар тизмеги 27 Май 2020 16:22
0 ой-пикир

Бүгүн, 27-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлашты.

Аталган кызмат ордуна “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан депутат Тынчтыкбек Конушбаевдин талапкерлиги сунушталган. Жашыруун добуш берүүнүн негизинде сунушталган талапкерди 83 депутат колдоп, натыйжада Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.