Дастан Бекешев мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын бирдиктүү реестрин түзүүнү сунуштады

Окуялар тизмеги 27 Май 2020 14:32
0 ой-пикир

Бүгүн, 27-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев  мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын бирдиктүү реестрин түзүүнү сунуштады.

Эл өкүлү демилгелеген “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечи белгилегендей, мыйзам долбоору ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн ар түрдүү чөйрөлөргө кирүү шарттарын камсыздоо, ошондой эле майыптуулугу бар адамдардын реестри түрүндө электрондук маалымат базаларын түзүү максатында даярдалган.

“Тилекке каршы инфратүзүмдөр мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ылайыкташкан эмес. Андыктан мыйзам долбоору аркылуу Инфратүзүмдүк кеңеш түзүү сунушталган. Бирок комитеттеги талкуу маалында мыйзам долбоорундагы 1-берененин 1, 2-бөлүктөрүн жокко чыгаруу менен 1-берененин 3-бөлүгүндөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын мамлекеттик реестрин түзүүнү калтыруу чечими кабыл алынды. Анда ар бир мүмкүнчүлүгү чектелген жаран тууралуу бардык маалыматтар камтылат” – деген депутат Дастан Бекешев, аталган реестрдин негизинде Өкмөт өзүнүн социалдык саясатын мерчемдей алышы керектигин кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Тариел Жоробеков мыйзам долбоорун колдоп, курулуш жүргүзүп жатканда ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн тиешелүү шарттарды түзүүнү милдеттендирип, аны Мамтехинспекция тыкыр көзөмөлдөшү керектигин белгиледи. Андан тышкары, коомдук унааларда бул багытта көйгөй көп экенине токтолду.

Ал эми депутат Экмат Байбакпаев мыйзамдарда каралган тиешелүү инфратүзүмдөрдү камсыздоо боюнча курулуш эрежелерин сактабагандарга катаал чара көрүүнү талап кылды.

Өз кезегинде депутат Акылбек Жапаров демилгечиге турак-жай жана коомдук имараттарды эксплуатацияга берүү боюнча техникалык регламенттерди окуп чыгууну сунуштап: “Пандустар, көтөргүчтөр жана башка элементтер боюнча талаптарды аткарууну милдеттендирген чараларды жазып коюу керек. Бул коомубуздун өнүгүшүнүн даражасын, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоосун жакшыртууга багытталган аракетибизди көрсөтөт. Анткени, инфратүзүмдү жакшыртуу тапшырмасы мамлекеттин моюнунда, коомчулуктун эмес”, – деди.

Андан тышкары, депутат Аалы Карашев мыйзам долбоорундагы чараларды тактоону жана көзөмөлдү кайсы орган жүргүзөөрүн ачык көрсөтүүнү сунуштады.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.