Дарыгерлердин катачылыгы: чыгып кеткен 22 аял кайра обсервацияга жаткырылды

Окуялар тизмеги 27 Май 2020 11:53
0 ой-пикир

Нарын облустук төрөт бөлүмүндө обсервацияга алынган 22 аял дарыгерлердин катачылыгынан ооруканадан чыгып кеткен. Бул тууралуу «Азаттыкка» Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Назгүл Мүсүралиева кабарлаган.

«Дарыгерлер тарабынан обсервацияда жаткандарга «чыгасыңар» деп айтылып калып, алар ооруканадан чыгып кетишиптир. Бирок медициналык алгоритм боюнча эч ким чыгарылбашы керек болчу. Себеби, алар экинчи ПЦР анализин күтүп жатышкан. Ооруканадан чыгып кеткендер блокпосттордон тосулуп алып келинип кайра жаткырылды», — деген Назгүл Мүсүралиева.

Ал бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын, юридикалык баа берилерин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, 27-майга карата Кыргызстанда дагы 52 адамдан коронавирус аныкталды, анын ичинен 17си Нарын облусунан.

271 миң адам жашаган аймакта бүгүнгү күнгө карата илдеттин 297 учуру катталган. Он миң адамга эсептегенде өпкөнү сезгенткен ооруга кабылгандардын көрсөткүчү 10,9 барабар. Бул деген республикалык көрсөткүчтөн 4.5 эсе көп дегенди билдирет .

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.