Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

Окуялар тизмеги 26 Май 2020 18:40
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү, депутат Исхак Масалиевдин депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Ал эми анын ордуна партиялык тизме боюнча талапкер Нургазы Айдаров депутаттык мандатка ээ болду.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия бүгүн, 26-майда өткөн отурумунда Айдаров Нургазы Абдыраевичти Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады. Ага депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Нургазы Айдаров 1966 жылы 16-январда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө районунда төрөлгөн.  54 жаштагы саясатчы буга чейин Жогорку Кеңештин төртүнчү жана бешинчи чакырылышында депутат болгон.

Ал Жогорку Кеңешке “Кыргызстан” партиясынан келген Салайдин Айдаровдун бир тууган агасы болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.