Өзбекстан: сутка ичинде коронавирус 81 адамдан табылды. Жалпы 3261

Окуялар тизмеги 26 Май 2020 13:50
0 ой-пикир

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 3 миң 261 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 81 учур катталган. Ал эми 42 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго жөнөтүлгөн.

Өлкөдө коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 300гө жетти.

«Өзбекстанда карантин 1-июнга чейин узартылган. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша «кызыл», «сары» жана «жашыл» сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган. 22-майдан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен парк, музейлер жана көркөм галереялар иштеп баштады», — деп айтылат маалыматта.

Учурда Өзбекстанда 3 миң 261 адам илдет жуктурса, анын 2 миң 607и айыккан. Ал эми коронавирус жуктурган 13 бейтап каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.