ИИМ: Сыймык Жапыкеевдин чакырыктарынан кылмыш белгилери аныкталды

Окуялар тизмеги 26 Май 2020 16:58
0 ой-пикир

Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрү жана чакырыктары боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин Кылмыш жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталган арызы боюнча Сыймык Жапыкеевдин социалдык тармактардагы баракчасындагы билдирүүсү боюнча лингвистикалык
экспертизаны жүргүзүү дайындалган.

Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы чыгарган лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, С. Жапыкеевдин билдирүүлөрүндө массалык акцияларга, жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакыруу, тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүмүндө (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар экендиги аныкталган.

«Азыркы учурда, сотко чейинки өндүрүш боюнча кылмыш жасоого тиешеси бар бардык жарандарды тактоо жана аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат», -деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.