Эксперт Нинель Кадырова пандемиядан кийинки жашоо жана саламаттыкты сактоо системасынын жаңы сыноолорго даярдыгы тууралуу

Окуялар тизмеги, Статьялар 26 Май 2020 19:10
0 ой-пикир

Коронавирус пандемиясынан кийин жашоо мурункудай болбойт: социалдык аралык, коомдук жайларда беткап тагынуу, колду жууп, тазалап туруу… Саламаттыкты сактоодо эмне өзгөрөт? Өзгөрүү болобу? Журналист Елена Баялинованын ушул жана башка суроолоруна саламаттыкты сактоо боюнча эксперт Нинель Кадырова жооп берди.

Пандемия дүйнө боюнча саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөрдүн бетин ачты жана өкмөттүн көңүлүн буруп, саламаттыкты сактоо тармагынын иши туруктуу болуп, тиешелүү деңгээлде каржылануусу керектигин, медициналык кадрлардын жана медициналык каражаттардын, коргонуу каражаттарынын, заманбап технологиялардын жетиштүү болушу керектигин көрсөттү. Өз убагында маянасын алганы менен убадаланган кошумча акчаларын ала элек медицина кызматкерлери: “Бул биз тууралуу эмес, жок дегенде берген убадаларын кармашса болмок” деп ойлоп жатышкан чыгар.

Азыр вирустун жайылуусу көзөмөлгө алынды, бирок ал эч жакка кеткен жок, экинчи толкун болуу коркунучу бар… COVID-19 вирусун жуктуруп алган айрымдар өзү ооруганын деле билбей калып, жеңил түрү менен ооруп айыккандар бар, демек алар медициналык жардам алуу үчүн кайрылган эмес дагы тест тапшырышкан жок. Ошондуктан вирус мутация болуп, кайсы бир күнү кайрадан чыгышы мүмкүн. Экинчи толкун күтүлүп жаткан күзгө чейин убакыт бар, демек убакыттан уттурбай, азыртадан даярданып баштоо зарыл.

Саламаттыкты сактоо системасы алдыда кандай өзгөчө кырдаал болбосун даяр болушу керек. Дарылоодон сырткары ооруну алдын алуу, үй-бүлөлүк дарыгерлердин, фельдшерлердин жана медайымдардын даяр болуусу өтө зарыл. Себеби карантин чаралары алынгандан кийин жүк дал ушул адамдардын моюнуна түшөрү бышык. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү борборунда иштеген медкызматкерлерден COVID-19 илдети аныкталганда көпчүлүк кызматкерлер  өз жашоосу, жакындарынын жашоосу үчүн корккону чындык. Ушундан улам биздин саламаттыкты сактоо системабыз жаңы сыноолорго даярбы деген суроо туулат. Артка кылчая турган болсок, 18-мартка чейин эле медицина кызматкерлери тиешелүү деңгээлдеги коргонуучу каражаты жок эле  чет жактан келгендерди, үй карантиндегилерди кыдырып жатышты. Бул жерден “Эмнеге мониторингди аралыктан жүргүзүшкөн жок?” деген суроо туулду. Ар бир үй-бүлөлүк дарыгерде компьютерлер бар, ал жакка бейтаптар тууралуу баардык маалыматтар киргизилет. Дүйнө жүзү боюнча мониторингди аралыктан жүргүзүп жаткан маалда, биздикилер эмнеге врачтардын ден-соолугун, жашоосун тобокелдикке салышты?

Ресурстар чектелүү экенин карабастан Кыргызстанда маалыматтык технологиялар эбак эле киргизилген, төгөрөгү төп келбесе дагы колубузда бар ресурстар менен аралыктан мониторинг жүргүзүүгө мүмкүн болчу. Акыркы 5 жылдан бери бейтаптарга багытталган, калктын талаптарына жооп берген системаны түзүү боюнча көп айтылып келет. Мына эми бейтаптар үчүн онлайн-кызматтарды киргизүүнү күчөтүү, үй-бүлөлүк врачтар жана медайымдар менен байланышты жакшыртуу, ар бир бейтаптын телефонундагы жеке кабинетинде баардык маалыматтар жеткиликтүү кылуу мезгили келди.

Социалдык аралыкты сактоо шарттарын түзүү да учур талабы, медициналык мекемелерге барган бейтаптар бир жерде топтошуп турбашы керек. Инфекциялык коопсуздуктун сакталуусун уюштуруу абзел.

Кандай өзгөрүү болушу керек?

Биринчи. Илдетке чалдыгуу коркунучу жогору болгон өнөкөт оорусу бар бейтаптардын абалын мониторинг кылуу керек. Ден-соолугунун абалы тууралуу бейтаптар врачтарга тиешелүү деңгээлде аралыктан эле маалымат берүүсү үчүн байланыш түзүүнү азыртадан баштоо зарыл. Бейтаптарда инфекциялык оорулардын белгилери байкалса адистерден аралыкта кеңеш алып, зарыл болгон учурда врачтын кабыл алуусунда болушу керек.

Экинчи. Кабыл алууга жазылганга чейин бейтап врачтар/медайымдар менен байланышуусу керек. Ал учурда бейтап коопсуздук эрежелери тууралуу кабардар болуп, зарыл болсо адистер бейтаптын үйүнө баруусу кажет.

Үчүнчү. Бейтаптарда жаңы вирустук инфекциянын белгилери байкалса, мындай бейтаптар үчүн ооруканага кирүүчү өзүнчө эшик болуп, баардык коргонуучу каражат менен камсыздалган атайын медкызматкер бөлүнүшү керек.

Медициналык мекемелердин кире беришинде ( үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу/ үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору) фильтрлер коюлуп, вирустук инфекциянын белгилери байкалган бейтаптар үчүн өзүнчө бөлмө бөлүнүүсү зарыл. Бул жаңылык деле эмес, себеби Совет мезгилинде балдар ооруканаларында ушундай ыкма колдонулчу, анда дене табы жогору болгон же денесине ар кандай жаралар, бүдүрлөр чыккан балдарды өзүнчө жаткырышчу. Башкача айтканда, кире бериштеги кооз дарыканалардын ордуна фильтрлер коюлуп, инфекциянын белгилери байкалган бейтаптар үчүн атайын бөлмөлөр болушу шарт.

Төртүнчү. Дарыгерге алдын ала жазылуу менен гана келиш керек. Ошондо гана медициналык мекемелерде элдер топтолбойт. Ошондой эле вирустук инфекциянын белгилери байкалган бейтаптарды башка бейтаптарга аралаштырбоого болгон аракеттер жумшалуусу шарт.

Бешинчи. Алдын ала жазылбай келген бейтаптар үчүн врачтын кабинетинин жанында эмес, башка жакта күтүү залын уюштуруу абзел. Себеби бизде азыр алдын ала жазылуу маданияты көп өнүгө элек, эл жазылбастан эле келип, кезек күтүп кирүүнү адатка айлантып алган. Алар үчүн каттоо жайынын жанында терминал коюлуп, ал терминал аркылуу жазылууга мүмкүн болуп, ошондой эле врачтын бейтапты чакырганы көрүнүп туруусу керек. Бул да жаңылык эмес, банктарда, калкты тейлөө борборлорунда бул механизм колдонулуп келет. Күтүү залдары аралыкты сактоого ылайык болушу керек жана зарыл болгон учурда кире бериштен бахила жана беткап берүү керек.

Алтынчы. Пандемия медкызматкерлер канчалык алсыз экенин, бирок ошол эле маалда коомчулук үчүн канчалык зарыл экенин көрсөттү жана бүгүн коомчулук саламаттыкты сактоого салымын кошчу убакыт келди. Алгач саламаттыкты сатоого ресурс керек – кошумча каржылоо. Медкызматкерлер жумушун таштабай, милдеттерин берилүү менен аткаруусу үчүн маянасын жогорулатуу керек, ошондой эле өмүрүнө коркунуч жаралып жаткандыктан кошумча акы дагы төлөнүүсү абзел, ошондой эле кошумча каражат бейтапты жана медкызматкерлерди коргонуучу каражаттар менен камсыз кылууга, дезинфекция кылуучу каражаттарды алууга жумшалат. Мындан сырткары ал каражаттар бир караганда жөнөкөй болгону менен иш жүзүндө өтө чоң мааниге ээ болгон мекемелердин ишин уюштурууга жана жаңы чакырыктарга даяр болууга сарпталат. ФОМС тарабынан каражат бөлүнө турган болсо, ал норматив боюнча киши башына болгон каржылоону көбөйтүү  гана болот, ал эми медициналык мекемелерди даярдоо үчүн жергиликтүү бийликтин, саламаттыкты сактоо министрлигинин жардамы зарыл жана бул иштердин баарын күзгө чейин жасоо керектигин унутпаш керекпиз. Коомчулуктун колдоосу ушундай болот.

Жетинчи. Үйдөн дарылоо – бул алгачкы жардам көрсөтүүчү медкызматкерлердин моюнундагы кошумча жүк болот, бирок кары-картаңдарды жана өнөкөт оорусу барларды ушундай жол менен гана колдой алабыз. Дал ушул нерсе медициналык жардам көрсөтүүнүн интеграциясы деген принцип.

Биз саламаттыкты сактоого жардам көрсөтө алабызбы жана жаңы чакырыктарга даяр болобузбу бул саясий эрктен жана саламаттыкты сактоо системасына инвестиция кылуу – бул өлкөнүн экономикасына инвестиция салуу, элинин ден-соолугуна кам көрүү экенин эске алгандан көз каранды болот.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.