Финпол: Байланыш агенттигинин жогорку кызматтагы адамдарына карата кылмыш иши козголду

Окуялар тизмеги 23 Май 2020 17:01
0 ой-пикир

Байланыш мамлекеттик агенттигинин жогорку кызматтагы адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, финполчулар тарабынан жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча тергөө иштери аткарылууда. Колго түшкөн мамлекеттик кызматкерлер «Айтел» жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиясын мыйзамсыз узарткан деп шектелүүдө.

Учурда алардын мыйзамсыз аракеттеринин аркасында өлкө казынасына канча зыян келтирилгендиги такталууда.

Эскерте кетсек, жыштык сатуудагы коррупциялык иштерге тиешеси бар делип Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын эки, Мамлекеттик байланыш агенттигинин бир жана «Ала-ТВ» компаниясынын бир кызматкери кармалган. Ага чейин Байланыш мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Наталья Черногубова уюлдук оператордун бири жана Маалыматтык технологиялар комитетинин кызматкерлери менен тымызын сүйлөшүү жүргүзгөн деген шек менен 12-майда колго түшүрүлгөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.