Ош: «Шумкар» атайын багыттагы полктун кызматкерлери кары адамдарга азык-түлүк менен жардам көрсөттү

Окуялар тизмеги 14 Май 2020 16:26
0 ой-пикир

ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Ош шаарындагы 3-батальону улгайган адамдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полку түзүлгөн күндөн тарта коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоодо, алдыга коюлган тапшырмаларды так, туура жана чоң жоопкерчилик менен аткарууда. Ошону менен бирге ар кандай иш-чараларга активтүү катышып, кайрымдуулук иштерин да жасап келишет. Бүгүн «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Ош шаарындагы 3-батальонунун өздук курамы кайрымдуулук көрсөтүү демилгесин көтөрүп, улгайган адамдарга жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга гуманитардык жардам көрсөтүштү», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.