Кызмат учурунда 22 милиционерге вирус жукту

Окуялар тизмеги 13 Май 2020 11:23
0 ой-пикир

Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүндө иштеген эки кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу министр Кашкар Жунушалиев парламенттин комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Россиядагы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүндө төрт кызматкер иштейт. Учурда анын экөө коронавирус илдетине чалдыгып, ооруканада жатат.

«Ачык эле айтайын, төрт кызматкердин экөө коронавирус илдети менен ооруп калды. Аларды дарылоо боюнча Россия Федерациясынын ички иштер министрине кат жазып, телефон менен сүйлөшкөм. Алар жардам берип жатышат”, — деди Жунушалиев.

Министр кызматкерлери кандай шартта вирус жуктуруп алганын айткан жок.

Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 22 милиция кызматкерине вирус жукту жана алар илдетке негизинен кызмат учурунда кабылышкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.