Кыргызстанда 11-майдан тарта өзгөчө абал режими токтотулду. Бирок өзгөчө кырдаал режими кала берет, демек, айрым чектөөлөр болот. Бул абал канча мөөнөткө созулары белгисиз. Азырынча коронавирус өз шарттарына макул болууга аргасыз кылууда, кабыл алынган укуктук ченемдер жана Мыйзамдар COVID-19 илдетине карап өзгөрүүдө.
Мыйзам боюнча өзгөчө кырдаал учурунда карантин сакталышы керек, массалык иш-чараларга тыюу салынат. Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Айрым депутаттар 12-апрелде өтпөй калган жергиликтүү кеңештерге жана парламентке болгон шайлоону бир эле күндө өткөрүүнү сунуштоодо. Эске сала кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо жылдырылган болчу.
Эки кампанияны бириктиришеби, азырынча белгисиз. Бирок июндун аягына чейин президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке шайлоо болору тууралуу билдириши керек. Конституцияда ушундай жазылган. Бирок, эгерде өзгөчө кырдаал режими улана турган болсо, жетинчи чакырылышка болгон шайлоону токтото туруу керек.
Экс-премьер-министр Темир Сариев Elgezit.kg редакциясына берген маегинде шайлоону кандай болгон күндө дагы өткөрүү зарылдыгын, болгону партиялар үгүт кампанияларынын форматын өзгөртүүсү керектигин билдирди. Концерттерди дебаттар менен алмаштырып, шайлоочуларды бир кап ун же картошка менен тартпай, чыныгы ишке ашчу сунуш менен, антикризистик чаралар пакети менен тартуучу мезгил келгенин айтты.
— Көпчүлүк Конституция боюнча шайлоо өз мөөнөтүндө өтүшү керектигин айтышууда. Болбосо өлкөнүн Баш мыйзамы бузулат экен. Бирок коронакризис форс-мажордук абал эмеспи?
— Эң туура. Бул күтүүсүздөн жаралган абал жана биз окуялардын мындай өрчүүсүнө даяр эмес болчубуз. Бирок шайлоону өзгөчө абал болгон учурда гана жылдырса болот, мисалы, жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо жылды. Башка эч бир нерсе Конституцияны бузууга себепчи боло албайт. Ал эми өзгөчө абал тууралуу айтсак, мындай учурда шайлоо болбойт. Өзгөчө кырдаал учурунда болсо президент шайлоо күнүн 4-октябрга эмес, мисалы өзгөчө кырдаал июндун аягына чейин сакталса, шайлоо күнүн 4-ноябрга белгилесе болот. Азыркы чакырылыш болсо Баш мыйзамга ылайык, ыйгарым укуктарынын алкагында жаңы чакырылыштын биринчи жыйынына чейин иштеп турат.
— Анда каражаттарды үнөмдөө жагы кандай болот? Шайлоого миллиард сомго жакын каражат керектелет. Жылдын аягына чейин бюджеттин жоготуулары эң аз дегенде 30 миллиард сомго жетет экен.
— Негизи эле шайлоо алдындагы кампанияны жүргүзүүнүн форматын өзгөртүү керек деп ойлойм. Биз чыгымдарды азайтуга өтүшүбүз керек. Партияларга чектөө киргизүү зарыл. Үгүт иштерин онлайн-режимде жүргүзүшсүн, дебаттарга көңүл бөлүшсүн. Парламентке базаркомдор эмес, билимдүүлөр келиши керек.
— Партиялар го аппетитин азайтуусу керек дейли. Бирок бул бюджеттин каражатын үнөмдөөгө таасир береби?
— Таасир берет деп ишендирип кете алам. Анын үстүнө шайлоочулар капчыктардын күрөшүнөн тажашты. Акчага эмес, идеяларга жана акылга суроо-талап көбөйдү.
— Тилекке каршы, шайлоого катышууга аттанып жаткан саясий уюмдардын бири дагы антикризистик планын сунуштаган жок. Ал эми айрым саясатчылардын өзүнүн стратегиясы барбы? Мисалы, мурдагы Өкмөт башчы катары сиздин план…
— Албетте. Алгач эл аралык финансылык институттардын сунуштарын ашыкча эле кабыл ала берген болбойт. Анын 2/3 бөлүгү насыя болот, мейли жеңилдетилген болсун, бирок бул өлкөнүн карызга болгон туруктуулугуна терс таасирин тийгизет. Мисалы, мамлекеттик карызды төлөө үчүн республикалык бюджеттен 26 миллиард сом каралган. Кандай болгон күндө дагы бул сумма керек болгон сумманын жарымын гана түзөт, ошондуктан дефицитти жабуу үчүн кабмин башка булактарды табуусу кажет. Мен Өкмөткө быйылкы жылдын бюджетин карап чыгууну сунуштайм, бул жылы саламаттыкты сактоого, өзгөчө кырдаалдарга, коопсуздукту жана тартипти сактоону колдоого өзгөчө көңүл бурулушу керек. Ошондой эле бизнести колдоо багытында пайызсыз насыялар берилип, кризис маалында салыктан бошотулушу зарыл.
— Сатып алуу жөндөмүн сактоо жана анын өтүмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн экономикага канча каражат жумшоо керек?
— Эксперттердин баасы боюнча 30-35 миллиард сомго жакын. Анан албетте, кризистен чыгуу шартында антикризистик стратегия керек, ал келечекте ишке ашырылчу программаларды камтуусу зарыл. Инвестицияларды тартуу программасын кайра карап чыгуу керек жана жумуш орундарын түзүү планын иштеп чыгуу абзел. Андан кийин гана шайло процессин уюштуруу менен алек болсок болот.