Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын Саясий кеңешинин мүчөлөрү президент Сооронбай Жээнбековго, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге, Республикалык штабдын башчысы Кубатбек Бороновго жана Акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылышты.
Кайрылуунун текстин толук келтиребиз:
«Саясий оппонент КР экс-президенти, Кыргызстандын Баатыры Алмазбек Атамбаевдин инсандык кадыр-баркы басмырланып жатканы биздин өлкө башчыга жетишсиз экенин байкап туруу өкүнүчтүү.
Экс-президент макамынан мыйзамсыз ажыратуу, экс-президенттин үйүнө кылмыштуу жана кандуу чабуул кылып, жай тургундарды атып, жарандарга карата курал колдонуу ишке ашырылганы аз келгенсип, бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын ден соолугуна орду толгус сокку уруу аракети көрүлүп жатат.
Бүт дүйнө С.Ш.Жээнбековдун мыйзамсыз иш-аракеттерине таң калууда, а Кыргызстан эли ага карата жек көрүү сезимдерин ачык билдирип жатат.
Сизден тез арада бардык сотторду токтотууну жана бардык саясий туткундарды үй камагына чыгарууну, ошондой эле экс-президенттин жана анын тарапташтарынын ден-соолугунун коопсуздугун камсыз кылууну талап кылабыз».
•КР Жогорку Кеңешинин депутаты, КСДП төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина;
•КР Жогорку Кеңешинин депутаты, КСДП Саясий Кеңешинин мүчөсү Карамат Орозова;
• КСДП Саясий Кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков;
• КСДП Саясий Кеңешинин мүчөсү, КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Нурбек Касымбеков;
•КСДП Саясий Кеңешинин мүчөсү, КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Ашэра Халикова;
• КСДП Саясий Кеңешинин мүчөсү, КСДП катчылыгынын жетекчиси Таалай Усубалиев.