Түндө коменданттык саат учурунда көчөдө жүргөн 109 жаран кармалды

Окуялар тизмеги 10 Май 2020 10:26
0 ой-пикир

Түндө коменданттык сааттын шартын бузган 109 жаран кармалып, 7 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаарында – 106, Ош шаарында – 1, Жалал-Абад шаарында — 2 жаран кармалып, ички иштер орган бөлүмдөрүнө жеткирилген. Ал эми Нарын облусунун Ат-Башы району боюнча коменданттык сааттын тартибин бузгандар катталган эмес.

«Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4955 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды, анын 4392 эркектер, 563 аял киши. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди. Алардын ичинен 3611 жаран эскертилип, 1344 жаранга бузуулар тууралуу протокол түзүлүп айып салынды. Ошондой эле 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 380 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.