ИИМ: Коменданттык сааттын шартын бузган 163 жаран кармалып, 9 автоунаа токтотулду

Окуялар тизмеги 08 Май 2020 09:30
0 ой-пикир

8-майга караган түнү коменданттык сааттын шартын бузган 163 жаран кармалып, 9 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаарында – 143, Ош шаарында – 10, Жалал-Абад шаарында – 7, Ат-Башы районунда – 3 жаран кармалып, ички иштер орган бөлүмдөрүнө жеткирилген.

«Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4733 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды, анын 4195 эркектер, 538 аял киши. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди. Алардын ичинен 3504 жаран эскертилип, 1229 жаранга бузуулар тууралуу протокол түзүлүп айып салынды. Ошондой эле 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 364 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.