Тамада, шоумен Эрнест Бөрүбаев министрдин кеңешчиси болуп дайындалды

Окуялар тизмеги 07 Май 2020 12:09
0 ой-пикир

Тамада Эрнест Бөрүбаев коронавирус илдетине байланыштуу карантин учурунан бери муктаж болгон же мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берип келе жатат. Ал жарандарга жардам эле берип калбастан алардын абалын чагылдырган видеолорду социалдык тармактарга жүктөп, элдин ушундай катмары бар экенин айтып, калкка, бийликке жеткирүүдө.

Аны 6-майда Кыргыз өлкөсүнүн эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров кабыл алды. Министр тамаданын жасаган иштерине ыраазычылык билдирип, ага алкыш баракчасы менен кошо мекеменин коомдук кеңешчиси экенин тастыктаган күбөлүк тапшырды.

“Наристеси менен жолдо калган же кош бойлуу аялдардын жалпы эле коомдун аярлуу катмарларын коомго жакшы жеткирип берип жатасың. Уктап жаткан коомчулукту ойготуп, ушул ишке салып койдуң. Министр катары, бул маселелерге жооптуу адам катары терең ыраазычылык билдирем. Сени менен иштешкибиз келет. Биз айтсак дагы, айтпасак дагы бул ишти кылып жатасың. Ошондуктан туура көрсөң коомдук кеңешчи деп сага күбөлүк тапшырууну туура деп жатам. Мындан ары кеп-кеңеш, акыл күтөбүз. Тарткан видеолоруң, андагы тагдырлар чынында жүрөгүмдү оорутту”, – деп билдирген Улукбек Кочкоров.

Булак: Супер инфо

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.