«Сталинграддан Берлинге чейин жеткен». Милиция кызматкерлери аталардын эрдигин эскерет

Окуялар тизмеги 07 Май 2020 19:25
0 ой-пикир

Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесине карата, согуш талаасында жана орукта эмгектенген ата-энелеринин эмгектерин Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери да эскерет.

Чүй облусунун ИИББи, согуш жылдарында фашисттер менен салгылашкан аталарынын, чоң аталарынын жана башка жакындарынын эрдиктерине сыймыктанышып, алардын таасири менен эл кызматында жүргөн кызматкерлер тууралуу сөз кылууну улантат. Андай каарманыбыздын бири Бакир Давлетов. Ал 1922-жылы Балыкчы районунун Тору-Айгыр айылында туулган. 20 жашка толгондо 1942-жылы Советтик Армиянын катарына чыкырылып, тиешелүү даярдыктан өткөн соң, курал алып согуш талаасына кирген.

Бакир Давлетов фашисттер менен болгон кармашта, Сталинград шаарынан тарта Берлинге чейин жетип, согуш майданда көрсөткөн эрдиги, өжөрлүгү жана тайманбастыгы үчүн “Кызыл жылдыз”, “Эрдик”, “Майданда көрсөткөн эрдиги үчүн” жана “Сталинградды коргоо үчүн” төш белгилери менен сыйланган.

Давлетов Бакир

Кандуу согуш аяктагандан кийин өз мекенине келип, эл үчүн кызмат кылып жүрүп, 1964-жылы согуш талаасында алган жаракатынан улам дүйнөдөн кайткан. Давлетов Бакир чоң атасынын эрдиктеринен таасир алган Давлетов Азамат жана Давлетов Нурмат аттуу неберелери учурда ички иштер органдарында кызмат өтөшүүдө.

Давлетов Азамат Кыргыз Республикасынын ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясында иштейт. Ал эми, Давлетов Нурмат Кемин районунун ички иштер бөлүмүн жетектеп келет. Бул кызматкерлер чоң атасын көрбөй калса да, кандуу согуш жылдарындагы чоң атасынын башынан өткөргөн окуяларын атасынан угуп, чоң атасынын мыкты сапаттары менен жасаган эрдиги үчүн ар дайым сыймыктанып келишет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.