Кыргызстанда жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйдү

Окуялар тизмеги 23 Апр 2020 11:26
0 ой-пикир

2020-жылдын биринчи кварталында үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу укук коргоо органдары 2319 кайрылуу түшкөн.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, бул 2019-жылдын ушул мезгилине караганда 65% көп. Жабырлануучулардын ичинен 95 пайызы– 21ден 50 жашка чейинки аялдар.

Расмий маалыматтар боюнча соңку үч айда үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен сегиз киши өлгөн.

Министрлик билдиргендей, үч айда ден соолукка оор зыян келтирүү боюнча 144, анча оор эмес зыян келтирүү боюнча 105, уруп-согуу боюнча 138 кылмыш иши козголгон. Үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 2082 факты административдик беренелер, негизинен майда бейбаштык менен тергелген.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму коронавирус пандемиясы башталгандан бери үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөнүн маалымдаган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель деп божомолдоп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.