«FactCheck»: Сегизбаевдики деген хан сарай бажы кызматкерине таандык болуп чыкты

Окуялар тизмеги 23 Апр 2020 10:55
0 ой-пикир

2018-жылы социалдык тармактарда  «Орто-Сай-2» конушунда жайгашкан үч кабат үйдүн сүрөтү жарыяланып, ал хансарай УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаевге таандык делип, кызуу талкуу жараткан.

Абдил Сегизбаев «Азаттыкка» берген интервьюсунда бул маалыматты четке каккан.

«Бул жалган, мен мунун артында ким турганын жакшы билем. Мени коомчулукка жек көрсөтүү максатын көздөп жатышканын түшүнөм. Мен «чабуулдарга» бута болуп жатканымды да түшүнөм», — деп билдирген ал.

Factcheck.kg порталы УКМКнын мурдагы төрагасына таандык деп айтылып келген үч кабат үй чынында Бажы кызматынын азыркы кызматкери, кенже лейтенант Абулхазы Самсалиевге таандык экенин жазып чыкты.

«Сadastre.kg сайтындагы маалымат боюнча, үй жана жер тилкеси Самсалиев Абулхазы Нурлановичке таандык. Менчик укугу 2019-жылдын 14-майында берилген. Демек, расмий документтер боюнча үйдүн Абдил Сегизбаевге жана Болот Сүйүнбаевге тиешеси жок… Үч кабат үйдүн азыркы ээси — Бажы кызматынын кызматкери», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.