Жээнбеков Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Дүйшөнбиевди кабыл алды

Окуялар тизмеги 22 Апр 2020 16:57
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-апрелде Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы өзгөчө бал учурунда коопсуздукту камсыз кылууда, жарандардын саламаттыгы менен өмүрүн коргоодо, ошондой эле илдеттин андан ары жайылышына жол бербөөдө коменданттарга ар тараптуу көмөк көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков блокпосттордо кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларын жеке коргоочу жана башка зарыл болгон каражаттар менен толук камсыз кылууга көңүл бурду.

Эпидемиологиялык кырдаалга жараша коюлуп жаткан талаптар жумшарса, өлкөнүн чек ара аймактарына көзөмөлдү жана өлкөгө кирген жарандарыбызды текшерүүнү күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керектигин айтты.

Мындан сырткары, Президент ишканалар менен өнөржай объектилеринин иштеши үчүн зарыл болгон социалдык маанилүү жана башка товарлардын, биринчи кезекте керектелген азык-түлүктөрдүн эркин ташылышын камсыз кылуунун улантылышын баса белгиледи.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев инфекция менен күрөшүүдө Куралдуу күчтөрдүн ички иштер органдары, улуттук коопсуздук, жарандык коргонуу жана башка тартылган мамлекеттик органдар менен өз ара ыкчам аракеттешүүсү боюнча чаралар жөнүндө маалымат берди.

Ал бүгүнкү күндө аскер бөлүктөрүндө, бөлүмчөлөрдө, блокпосттордо кырдаал туруктуу экенин, жеринде болгон кемчиликтер ыкчам четтетилгенин белгиледи.

Өзгөчө абал киргизилген аймактардагы блокпостторго тартылган бардык аскер кызматчылары зарыл болгон жеке коргоочу каражаттар менен камсыздалган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.