Паспорттордун мөөнөтүн узартуу сунушталды

Окуялар тизмеги 22 Апр 2020 17:22
0 ой-пикир

Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстан жарандарынын ички жана жалпы жарандык паспортторунун мөөнөтүн, ал эми чет элдик жарандардын каттоо мөөнөтүн узартуу үчүн токтом долбоорун сунуш кылды.

Долбоордо буга коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдө киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу жер-жерлерде калкты тейлөө борборлору иштебей калганы себеп болуп жатканы айтылган.

Юстиция министрлигинин сайтына жарыяланган токтом долбоорунда мөөнөтү бүтүп калган паспортун, каттоосун убагында алмаштыра албай калган жарандарга айып пул төлөбөстөн, алардын мөөнөтүн 2020-жылдын 1-сентябрына чейин узартуу мүмкүнчүлүгүн берүү каралган.

Мамлекеттик каттоо кызматы мындан тышкары мектептердин паспорт алууга жетишпей калган бүтүрүүчүлөрдүн Жалпы республикалык тестирлөөгө туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен киришине уруксат берүүнү да сунуш кылган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу 22-марттан тартып Кыргызстанда өзгөчө кырдаал, Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты тейлөө борборлору 31-марттан кырдаал турукташканга чейин убактылуу жабылган. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.