Кымбат баалуу унаалар менен тойго барган полиция башчысы кызматынан айрылды

Окуялар тизмеги 22 Апр 2020 17:02
0 ой-пикир

Алматынын Криминалдык полиция башкармалыгынын жетекчиси Жанболат Зиадин кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты Казакстандын Ички иштер мимнистрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Басылманын маалыматы боюнча, Алматы шаарында тосмодон мыйзамсыз өткөнү, тактап айтканда өзгөчө абал режимин бузганы үчүн 5 адам кармалып, 10 суткадан 15 суткага чейин камалган. Ошондой эле 4 кымбат унаа айып короого киргизилген. Бул фактка жол берип, алдын алуу чараларын көрбөгөнү үчүн полиция кызматкерлери дисциплинардык жазага тартылган. Мындан тышкары Криминалдык полиция башкармалыгынын жетекчиси Жанболат Зиадин, Патрулдук полиция полкунун командиринин орун басары кызматынан бошотулган.

Ички иштер министри Ерлан Тургумбаев онлайн жыйында ички иштер органдарынын кызматкерлеринин башкы милдети укук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо экенин белгилеп: «Өзгөчө абал жана карантиндин эрежелерин бузууга жол бербөө керек. Муну жөнөкөй кызматкерден тарта өздүк курамга чейин билиши керек», – деп билдирди.

Жанболат Зиадин кымбат кортеж тартылган видео боюнча кызматтык текшерүүнүн негизинде кызматынан алынды.

Социалдык тармакка кымбат унаалар менен жүргөн адамдардын видеосу тараган. Алар Алматыдагы блокпосттон тоскоолдуксуз өтүп, тойго барышкан. Видеонун автору социалдык тармактагы баракчасына жарыялап, бирок баракча кийинчерээк өчүрүлгөн.

Кийинчерээк блокпосттон өтүп кеткен унаалардын айдоочулары Алматы облусунун Полиция департаментинин башчысынын туугандары экени маалымдалды. Болжолдуу маалымат боюнча, алар тойго барышкан. Бирок полиция бул маалыматты жалган деп атады.

Булак: Баракелде

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.