Атамбаев сотко баруудан баш тартты — УКМК

Окуялар тизмеги 22 Апр 2020 14:05
0 ой-пикир

Кой-Таш окуясы боюнча 22-апрелге белгиленген сот отуруму болгон жок. Ишти карап жаткан Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, кийинки отурум 27-апрелге жылдырылды.

Соттун маалыматына караганда, отурумдун башка күнгө жылдырылышы бүгүнкү отурумга Атамбаев алынып келбегени, алты жактоочу жана жабыркаган тарап келбегени себеп болгон.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы мурунку президент бүгүнкү отурумга белгисиз себептерден улам барбай койгонун билдирди.

«Учурда Атамбаевдин абалы канааттандырарлык, арыз-даттануусу жок. Күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө» — деп айтылат маалыматта.

Адвокаттар азырынча комментарий бере элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.