Ошто коронавирусту жуктуруп, оорусун жашырган 3 факты катталды

Окуялар тизмеги 21 Апр 2020 16:32
0 ой-пикир

Ошто чет өлкөдөн келген айрым жарандар коронавирусту жуктуруп алгандыгын жашырган. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, Россиядан апрель айында Ош облусундагы айылдардын биринде жашаган кыргыз жараны келген.

«Коронаврусту жуктуруп алып, оорусун жашырган жаранга кылмыш иши козголду. Ал жаран оорусун жашыргандан улам анын үй-бүлөсүнүн бир мүчөсүнө илдет жуккан. Дагы туугандарынын ичинен 10 адам обсервацияга жаткырылган», — деди комендант.

Нурдинов белгилегендей, 25-мартан бери илдетти жуктуруп, оорусун жашырган 3 факты катталган.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.