Менчик лабораторияда коронавируска тест тапшырууга болот. Орточо баасы 2 миң сом

Окуялар тизмеги 20 Апр 2020 10:52
0 ой-пикир

Жакында Кыргызстанда коронавируска ПЧР тест тапшырууга болот. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Бүгүн-эртең жеке лабораториялардын бири анализдерди ала баштайт. Ал – Бонецкий лабораториялар тармагы. Ал карантиндик жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар республикалык борборунда мамлекеттик лаборатория менен биргелешкен лабораторияны түздү. Жакынкы күндөрдөн тарта ал жакка кайрылып, ПЧР тесттен өтүүгө болот. Бул тууралуу кошумча айтылат. Анализ тапшыруунун орточо баасы 2 миң сомду түзөт», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 568ге жетет. Алардын ичинен 201 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 7 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.