Жалал-Абад: “Бирге жеңебиз” штабы өз ишин баштады (фото)

Окуялар тизмеги 18 Апр 2020 09:38
0 ой-пикир

Жалал-Абадда “Бирге жеңебиз” штабы өз ишин баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында комендатуранын алдындагы “Бирге жеңебиз” урааны менен атайын штаб ачылды. Штабды ачуунун максаты аз камсыз болгон үй-бүлө катары мамлекеттик тизмеге кирбей калгандарды да унутта калтырбоо, материалдык жардамдын бир адамга кайталанып берилүүсүнүн алдын алуу жана чыныгы муктаждарга колдоо көрсөтүү.

«Ошондой эле колунда бар, муктаж үй-бүлөлөр үчүн жардам колун сунгандардын башын бириктирип, алар тараптан берилген кийимдерди, азык-түлүктөрдү ж.б. каражаттарды кабыл алып, аларды керектүү даректерге жеткирүү болуп саналат. Бүгүн, 17-апрелде бул штабдын өкүлдөрү менен Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңиш Жоробеков жолугушуп, комендатуранын байланыш номерлерине жардам сурап кайрылып жаткан инсандардын даректерин тактап, керектүү азык-түлүктөрдү ыкчам жеткирип туруу керектигин белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуудан соң Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында жардамга муктаж болгондорго бүгүндөн баштап азык-түлүктөр даректерге жеткириле баштаган.

Комендатуранан алдындагы “Бирге жеңебиз” штабы Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдү тактап жатат.

Муктаждык жаралса, анда төмөндөгү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
-Жалал-Абад шаары боюнча 0701 11-70-32
-Сузак району боюнча 0701 11-70-30.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.