Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1380ге жетти

Окуялар тизмеги 17 Апр 2020 13:48
0 ой-пикир

Өзбекстанда коронавирусту жуктурган дагы 31 учур катталып, алардын жалпы саны 1380ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ташкенттин беш шаары: Чирчик, Алмалык, Бекабад, Янгиүл жана Ангренде сөзсүз түрдө обочолонуу режими киргизилген.

6-апрелден тарта аталган режим Ташкент шаары жана облустук борборлордо орногон. Ошондой эле 16-апрелде 30 бейтап ооруканадан чыгарылып, реабилитациялык борборго которулган.

Өзбекстанда илдеттен жалпы 129 адам айыккан. Каза болгондордун саны 4 адамды түзөт

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.