Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1349га жетти

Окуялар тизмеги 16 Апр 2020 13:28
0 ой-пикир

Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1349га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдетин 130 жаран жуктурган. Ал эми күн мурун 8 бейтап ооруканадан чыгарылып, реаблитациялоо борборуна которулган.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда коронавирустан 107 жаран айыкты. Каза болгондордун саны төрт адамды түзөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.