Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын ишкерлеринин ассоциациясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам берди. Аны кабыл алуу иш-чарасына Өкмөттүн Аппарат жетекчиси-министр Самат Кылжыев жана Кытай элчилигинин кызматкерлери катышты.
Кыргызстандагы Кытай ишкерлеринин ассоциациясы 50 килограммдык 550 кап ун, 5,5 тонна шекер жана 5 500 литр суу май алынган. Азык-түлүк муктаж жарандарга таратуу үчүн Жардам штабына өткөрүп берилди.



Бул гуманитардык жардам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында калктын аярлуу катмарына таркатылат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Кытай Эл Республикасынын жарандары буга чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы ооруканаларда иштеп жаткан медицина кызматкерлерине 600 даана коргоочу кийим берген.