Атайын эсепке 125,4 млн сом келип түштү

Окуялар тизмеги 16 Апр 2020 15:30
0 ой-пикир

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке жеке жана юридикалык жактардан 15-апрелге карата (саат 17:00) 125 млн 404 миң 486 сом келип түштү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Ачылган эсепке келип түшкөн акча каражаттар жана алардын сарпталышы тууралуу маалымат онлайн режиминде help.covid.kg сайтына жайгаштырылган – ал жерде Саламаттык сактоо министрлигине, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Бишкек шаарынын мэриясынын эсебине түшкөн каражаттар тууралуу маалыматтар бар.

Ачык-айкындуулукту жогорулатуу үчүн ресурста төмөндөгүдөй маалыматтар көрсөтүлүүдө:

— Атайын депозиттик эсептерге түшкөн акча каражаттар жана аларды бөлүштүрүү;

— Келип түшкөн жана көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдын көлөмү;

— Жардамды бөлүштүрүү: которуулардын негиздемелери, келип түшкөн кайрымдуу жардам кимге жана кайда жөнөтүлдү.

Ресурста жайгаштырылган кошумча маалымат:

— жардам көрсөткөн булак, берилген жардамдын беренелер боюнча бөлүштүрүлүшү жана анын көлөмү;

— азык-түлүк алууга жарандардан келип түшкөн билдирмелердин саны, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн саны жана көрсөтүлгөн жардамдын көлөмү;

— «ыкчам байланыш» боюнча көп берилген суроолор боюнча маалымат.

Маалыматтык ресурс Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы IT штабдын адистери тарабынан иштелип чыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.