Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миң 214кө жетти

Окуялар тизмеги 15 Апр 2020 16:58
0 ой-пикир

Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алган 49 учур катталып, жалпы саны 1 миң 214 жаранга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-апрелден тарта Ташкент облусунун 5 ири шаарында (Чирчик, Алмалык, Бекабад, Янгийүл жана Ангрен) сөзсүз түрдө обочолонуу режими киргизилген. Булардын катарына дүйшөмбү күндөн баштап Ташкент шаары жана облусттук борборлор кошулган.

Расмий маалыматтарга караганда, КМШ өлкөлөрүнүн ичинде өзүн-өзү обочолонуу режими боюнча көрсөткүчтүн сап башында Ташкент турат. Бийликтин аракети жана калктын биримдиги менен обочолонуу режими дээрлик 100 пайызга аткарылган. Бүгүнкү күндө Өзбекстанда коронавирустан 99 адам айыккан. Илдетти жуктурган 4 адам каза болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.