Карашев: Коронавируска байланыштуу экономикадагы жоготуу өкмөт эсептегенден да көп болот

Окуялар тизмеги 15 Апр 2020 10:18
0 ой-пикир

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу экономикадагы жоготуу өкмөт эсептегенден да көп болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө билдирди.

Өкмөттүн эсептөөсү боюнча, өлкө экономикасы ушу тапка чейин 5 млрд. сом зыян тартты. Анын ичинен салыктардан 1,5 миллиард сом, бажы төлөмдөрүнөн 3,8 миллиард сом түшпөй калды. Өкмөттүн алдын ала эсеби боюнча быйыл жыл аягына чейин бюджеттин киреше бөлүгү 30 млрд. сомго чейин толбой калышы мүмкүн.

Аалы Карашев бул үч шаар, үч райондо 15-апрелге чейин киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу эсептелгенин, бирок мындай абал 30-апрелге чейин узартылгандыктан, экономикалык жоготуулар 30 млрд. сомдон ашарын белгиледи. Ошол эле кезде өкмөттүн так антикризистик программасы жок экенин сындады.

«Вице-премьер-министр «биз бизнести колдоо үчүн 14 млрд. сом таптык» деп жарыялады. Ал акча кайда берилет, кимди колдойбуз, кандай жеңилдик берилет, бюджеттен кандай жардам болот деген суроолорго жооп жок. Конкреттүү иштерди көрбөй жатам», — деди Карашев.

Эскерте кетсек, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 12-апрелде ишкерлерди колдоо үчүн ички жана тышкы булактардан 14 млрд. сом табылганын билдирген. Бирок акчанын булагын жана кайда жумшаларын тактаган эмес. Ал биринчи кезекте жардамга муктаж жана экономикага көбүрөөк пайда алып келчү ишкерликтин түрлөрү талданып, анын жыйынтыгында финансылык жардам берилерин кошумчалаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.