Асрандиев: Бизнес тармагына финансылык жардам көрсөтүүгө 14 млрд сом табылды

Окуялар тизмеги 12 Апр 2020 18:56
0 ой-пикир

Кризистен чыгуунун 2-этабын жана бизнес секторун колдоо боюнча каржылоонун булактары (ички жана тышкы) аныкталды. Буга 14 млрд сом жумшалат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын маалыматына караганда, коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн биринчи болуп жабыр тарткан жана көп чыгымга учураган бизнестин түрлөрү анализденип жатат.

Ушундан улам биринчи кезекте жардамга муктаж жана экономикага көбүрөөк пайда алып келчү ишкерликтин түрлөрү талданууда. Анын жыйынтыгында финансылык жардам берүүнүн жолдору каралат.

«Каржылык колдоо үчүн ички жана тышкы булактарды издеп жатабыз. Бүгүнкү күндө 14 млрд. сомдун тегерегинде акча табылды», — деди Асрандиев.

Белгилей кетсек, коронавирустан улам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 2020-жылдын 25-мартынан саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына өзгөчө абал киргизилип, саат 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.