Кыргызстан кредиттерди кандай шартта алып жаткандыгы айтылды

Окуялар тизмеги 11 Апр 2020 19:36
0 ой-пикир

Коронавирустан улам өлкө бюджетинин кирешеси 30 млрд сомго азайып, чыгашасы артат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Каржы министри Бактыгүл Жеенбаева билдирди.

Анын айтымында, коронавирустан улам дээрлик бардык бизнестин иши токтоп калгандыгына байланыштуу республикалык бюджеттин кирешеси азаят. Андыктан каржылоо алуу үчүн эл аралык институттарга кайрылууга туура келип жатканын айтып өттү.

Жээнбаева эл аралык финансы уюмдарынан каражат кандай шартта, кайсы тармактарга алынып жатканына токтолду.

«Эл аралык Валюта Фондунун карызы 10 жылга, Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунуку 20 жыл, Азия өнүктүрүү банкыныкы 32 жыл, ал эми Дүйнөлүк банктыкы 38 жылга берилүүдө. Алардын пайыздык чендери да төмөн. Эл аралык Валюта Фонду 0,7%, Дүйнөлүк банк 0,75%, Азия өнүктүрүү банкы 1% менен берип жатат», — деди Каржы министри.

Эл аралык Валюта Фонду Кыргызстанга 120,9 млн. доллар жеңилдетилген насыя берген. Андан тышкары Дүйнөлүк банк 12 млн. доллар бермек болду, мунун жарымы насыя, жарымы грант түрүндө. Германиянын GIZ уюмунан гуманитардык жардам катары 550 миң евро грант катары берилет.

Ал эми Азия өнүктүрүү фондунан 100 млн. доллар, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынан 100-150 млн. доллар жана Ислам өнүктүрүү банкынан 11 млн. доллар алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Министр Жээнбаеванын сөзү боюнча, каражат бюджетти колдоого, COVID-19 вирусуна каршы иш-чаралар үчүн жана бизнести колдоого жумшалат. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.