Милицияны сөгүп, кол көтөргөн кыз 15 суткага камалды (фото)

Окуялар тизмеги 14 Апр 2020 12:34
0 ой-пикир

Бишкекте милиция кызматкерлердин талабына баш ийбей, аларды сөгүп жана кол көтөргөн кыз 15 суткага камалды. Окуянын чоо-жайын борбор калаанын комендатурасы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя 11-апрелде болгон. Бишкектин Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде кайгуул кызматкерлери беткап кийбей бараткан кызды токтоткон. Бирок ал милициянын мыйзамдуу талабына баш ийбей, аларды сөгүп, кайгуул кызматкерине кол көтөргөн.

Жарандын жоругу бейбаштык беренеси боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Сот аны 15 суткага убактылуу камак жайына алуу чечимин чыгарган.

Белгилей кетсек, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 2020-жылдын 25-мартынан саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына өзгөчө абал киргизилип, саат 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.