Депутат: Медицина кызматкерлери убадаланган кошумча акыларды колуна ала элек

Окуялар тизмеги 14 Апр 2020 08:37
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев учурда коронавируска байланыштуу көйгөй-муктаждыктарды айтып чыккан дарыгерлердин, катардагы жарандарды кечирим суратып жатканын айыптады. Эл өкүлү видео кайрылуу таратып, коронавируска байланыштуу өлкөдөгү кырдаалдан пайдаланып басым-кысым кылгандар эртели-кеч жооп берерин эскертти.

«Улут аралык кастыкты козуткан же будуң-чаң салган билдирүүлөр болсо туура түшүнмөкпүз. Бирок сын айткан адамдын баарын кечирим суратып, аны Интернетке чыгаруу баатырдык эмес. Коронавирус илдети бүткөндөн кийин ИИМ болобу, УКМК болобу канча адамды куугунтуктадыңар — бул үчүн жооп бересиңер. Бул унутулуп калбайт. Жоопкерчилик маселесин карайбыз. Бизде ар ким оюн эркин айтканга, Интернетке жазганга укугу бар»- деди Акаев.

Мындан сырткары депутат медицина кызматкерлери убадаланган кошумча акыларды колуна ала электигине токтолду.

Акаев коронавирус менен күрөшүүгө 183 млн сом бөлүнсө, саламаттыкты сактоо тармагына анын 30 млн сому гана берилгенин сындады. Сырттан жардам келип жатканын эске алганда, медиктерде эң жөнөкөй беткаптын да жоктугу суроо жаратарын кошумчалады.

Кайрылуунун жыйынтыгында, ал дарыгерлерди кемчиликтер болсо, коргоочу каражаттар жетишсиз болсо, атайын кызмат тарабынан куугунтук болсо, сөзсүз түрдө ачык айтууну чакырды.

Врачтарга, анан күч органдарына кайрылуу. «Кечирим суратчулар» да бир күн кечирим сурайсыңар, унутпагыла.

Опубликовано Janar Akaev Понедельник, 13 апреля 2020 г.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары 15-апрелде жыйынга чогулат.

13-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 419га жетти. Алардын 79-у медицина кызматкерлери.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.