Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 900гө жакындады

Окуялар тизмеги 13 Апр 2020 14:11
0 ой-пикир

13-апрель саат 10:00гө карата Өзбекстанда коронавирус жуккан жаңы 31 учур тастыкталып, жалпы ооругандардын саны 896га жетти. Бул тууралуу ӨРнын Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Бүгүнкү күндөн тартып Фергана өрөөнүндөгү Наманган жана Учкурган райондорунда автоунаа кыймылына жана адамдардын эркин жүрүүсүнө тыюу салынат. Бир күндө бир ирет гана азык-түлүк алууга чыкса болот.

Мурда маалымдалгандай, 12-апрелде коронавирустан сакайган 24 адам ооруканадан чыгарылган. Алардын бардыгы учурда реабилитациялык курстан өтүп жатат.

Азыркы учурда Өзбекстанда коронавирустан жалпы 66 бейтап айыкты, 4 адам каза болду. Ал эми дээрлик 90 миңге жакын адам дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.