«Карантин бүткөн соң сөзсүз мюзиклга барам». Москвадагы кыргызстандык менен маек

Окуялар тизмеги, Статьялар 13 Апр 2020 11:26
0 ой-пикир

Кыргызстандык Татьяна Александрова Москва шаарына коронавирус тууралу алгачкы билдирүүлө чыгып, вирус менен күрөш башталганга чейин 3 ай мурун келген. Бардык мигранттар сыяктуу эле ал жумуш таап, иштеп жаткан.Бирок илдеттин тез жайылып кеткендигине байланыштуу жеке изоляцияга өтүүгө мажбур болгон.

Elgezit.kg редакциясына мекендешибиз үйдө отуруу режимине болгон көз карашын, ал жашоосун, пландарын кандай өзгөрткөнүн айтып, эмоциялары менен бөлүштү.

Коронавирус чыккыча эмне менен алек элеңиз?

— Жаңы жылга бир жума калганда Москвага учуп келдим. Бишкекте 2019-жылдын октябрында жумушумдан айрылдым дагы ал жактан кайра жаңысын издеген жокмун. Москвада бизде караганда көбүрөөк акча табарымды билип, аракет кылып көрүүнү чечтим. Алгач, жаңы жылдык эс алуудан кийин барып, иш издейин деп ойлогом. Бирок бир жолу жашайбыз,андыктан Жаңы жылды Москвадан тосом деп чечтим. Режим киргиче медициналык клиниканын маалыматтык борборунда оператор болуп иштечүмүн.

—Россиянын жаранысызьы?

— Жок. Бирок РФнын жарандыгын алууну пландап жатам.

Эмнеге кайра Кыргызстанга учкан жоксуз?

— Баары түшүнүксүз болду. Эч ким так, даана эч нерсе айта алган жок. Башында бизге бир жумага убактылуу каникул болот дешкен. 28-марттан 5-апрелге чейин. Биздин компаниянын жетекчилиги башка компаниялардай эле акырына чейин эч нерсе билген жок: кайсы уюмдар жана ишканалар жабылып, кайсылары ишин улантары белгисиз болчу. Баарыбыз ишибиз уланат деп үмүт кылдык. Биз жабыларыбыз тууралуу жумушчу күндүн аягында айтышты: “Эртең иштебейбиз” дешти. Бул күн 27-март эле. 30-марттан тарта 5-апрелге чейин үйдө отуруу керек деген режим киргизилди. Кийин ал 30-апрелге чейин узартылганы айтылып, коменданттык саат киргизилди.

РФнын жараны болбогон соң коронавируска чейин Москвада жашооңуз кандай болду?

— Көпчүлүк учурда башка жактан келгендерге жакшы эле мамиле кылышат экен. Ал эми турак-жай издөөдө “РФнын жарандары үчүн гана” деген жазууну көрүүгө болот. Жумушка орношуу тууралуу айтсам, башында маектешүүгө жакшы эле чакырышат дагы, Кыргызстандан келгенимди билгенде баш тартып коюп жатышты. Адамга, анын жарандыгына эч кандай нааразычылык деле жок. Болгону айрымдар документтерди тууралоодон качышат тура. Келгендердин көбү каттону мыйзамсыз жол менен алышып, шылуундардын торуна түшүп калганын билбей калышат. Бул тууралуу иш берүүчүлөр билишет экен дагы, ашыкча көйгөйдү каалашпайт экен.

Дагы бир себеп кызматкер материалдык жактан жоопкерчиликтүү болушу керек. Жумуш берүүчүлөр алардын материалдык баалуулуктарын бузуп туруп каалаган күнү Мекенине кетип калуу тобоколчилигинен кооптонушат. Эгерде жумушка кирген болсоң анда башка кызматкерлерге кылгандай эле мамиле кылышат . Ири компаниялар документтерди тууралоодон кооптонушпай эле жумушка ала беришет. Дагы бир факт европалык түзүлүштөгүлөрдү жумушка көп алышат экен. Эли тууралуу айтсам, аларга кайдан келгениң деле маанилүү эмес, баары адамгерчиликтүү.

— Үйдө отурганда жашооңузда кандай өзгөрүүлөр болду?

— Өзгөрүүлөр дүйнө жүзүндөгү көпчүлүктөй эле. Убактылуу иш жок, үйдөн чыкмай да жок дегендей. Мен жана кыргызстандык тааныштарым жоопкерчиликтүү болуп, режимди бузбай элебиз. Үйдө отуруп, жумасына эки жолу дүкөнгө баруудабыз. Шаардагы абал тууралуу айтсам жоопкерчиликтүү болуп, үйдө отургандар да бар, баарына көз жумуп эшикке чыгып кеткендер да жок эмес.

— Шаарга чыгып жатасыңарбы? Чыгып жаткан болсоңуз көчөдө элдер режимге кандай мамиле кылышууда, өздөрүн кандай алып жүрүшөт?

— Дайыма эле үйдөмүн. Москванын түштүк-батышында жашайбыз, Зюзино районунда. Дүкөнгө күн алыс барып, таза аба менен дем алып кайра келип жатабыз. Режим киргизилгиче 2 жума мурун эл баарын сатып алды. Гречка, лимондор, имбирь тартыш болду. Режимдин алгачкы эки күнүндө дүкөндөрдө кезек болуп, эч ким маска деле тагынбай, аралыкты сактабай жатышкан. Бирок көчөдө сейилдеп жүргөндөр жок болчу. Көчөлөр, королор бош. Мен режимдин үчүнчү күнү көчөгө чыктым. Үч дүкөнгө кирдим. Ар биринде 5-7 кишиден гана бар экен, көбү маскачан, айрымдары кол капчан. Кассаларды 1,5 метр аралыкты сактап жатышыптыр. Бирок тилекке каршы, дүкөндөрдүн айрым кызматкерлери маскасы жок эле жүрүшүптүр. Үйдө отургандан бери бир жума өткөн соң баары үйдө отуруудан тажап, көчөгө сейилдегени чыга башташты, кезек күтүүдө аралыкты да сактабай калышты.

Балким ошондон улам Москвада вирусту жуктуруп алгандар көбөйүп жаткандыр?

— Жооп берүү кыйын… Италияда баары үйдө отурушат, көчөгө маскачан гана чыгып жатышат, дүкөндөрдө аралыкты сакташууда. Жаңылыктарда болсо бир суткада эле 3 миңден адам вирус жуктуруп алганы айтылууда.

Россиянын борборунда кандай коопсуздук чаралары көрүлүүдө?

— Дезинфекция жүргүзүп жатышат. Башка өзгөрүү деле байкаган жокмун. Үйдө отуруу режимин бузган бир кызга айыппул салышты. Айрымдары бул учурда деле иштеп, шаарда эркин эле жүрүшөт. Аларда атайын өткөрүүчү уруксат деле жок, жумушунан справка бар. Айрымдардан бул справканы сурашпайт деле экен, ар кимдин бактысынан окшобойбу.

— Үйдө отурганда жергиликтүү бийликке кандайдыр бир жардам сурап кайрылган учурлар болдубу?

— Жок. Тааныштарым деле жардамга муктаж болгон учурду уккан жокмун. Атайын телефон номерлер бар, коронавирус тууралуу ошол номерлерге чалып байланышса болот. Бирок ал жакка деле чалууга зарылчылык болгон жок.

Москвада калган кыргызстандыктар менен байланышып турасыңарбы?

— Ооба, Кыргызстандан келген бир нече тааныштарым бар. Алардын баары үйлөрүндө отурушат. Айрымдары үйүндө отуруп иштеп жатышат, кээ бир батирлердин ээлери ижара акысын төлөбөй эле коюуга уруксат бериптир.

Москвада канча убакыт калайын деп жатасыз? Эртеби кечпи акчаңар түгөнөт да…

— Азыр эч нерсе бизден көз каранды эмес. Мекениме кайтууга каалоом күч. Бирок кантип? Чек аралар жабык, учактар учпайт. Күтүүдөн башка аргабыз жок. Акчабыз түгөнүп баратканы да чын. Бул көпкө узабайт деп үмүт кылуудан башка арга жок. Эгер узакка созулса эмне кылабыз билбейм. Азыр келечекке план түзүү абдан кыйын болуп турат.                                                          

Коронавирус эпидемиясынан соң алгач эмне менен алек болосуз?

— «Дон Жуан» мюзиклине билет сатып алган элем. Абдан көргүм келген, бирок аны жылдырып коюшту. Режим бүткөн соң сөзсүз мюзиклга барам.

Маектешкен Каныкей МАНАСОВА.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.