УКМК: Улут аралык кастыкты козутууга шектүү адам кармалды

Окуялар тизмеги 12 Апр 2020 10:29
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) социалдык тармактарда улут аралык кастыкты козутуучу маалыматтарды жайгаштырган деген шек менен бир адамды кармады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган С.Н. аттуу жаран 9-апрелде колго түшкөн.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси боюнча катталды. Тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

УКМК жарандарды чагымчыл жана башка улут аралык кастыкты козуткан маалыматтарды тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылаарын эскертти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.