Исхак Масалиев: Референдум – саясат таануу сабагынан тапшырчу экзамен эмес

Окуялар тизмеги, Статьялар 12 Апр 2020 14:08
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев кесиптеши Курманкул Зулушевдин Кыргызстанда башкаруу формасын өзгөртүү тууралуу референдум өткөрүү боюнча демилгесине болгон көз карашын Elgezit.kg редакциясы менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтындагы “Коомдук талкуу” бөлүмүндө 1-апрелде жайгаштырылган. Юристтер жана саясатчылар документти сындашып, авторду тезинен Мыйзам долбоорун чакыртып алууга чакырууда.

Эксперттер Кыргызстанда COVID-19 эпидемиясы күч алып, аны жуктуруп алгандардын саны күн санап өсүп жатканын, 63 медициналык кызматкер вирусту жугузуп алганын, өлкө экономикалык кризистин босогосунда турганда, парламенттик шайлоо өтпөй калуу коркунучуна кабылып жатканда жалпы элди добуш берүүгө чакырган демилгени көтөрүп чыгуу ойлонулбаган кадам экенин айтышты.

Эл өкүлү бул кырдаалдардын баарын эске алганда башкаруу формасына эмнеге мынча тынчсызданганын түшүндүргөн жок.

Исхак Масалиев бул демилге боюнча өз пикирин билдирди. Көрсө, Курманкул Зулушев аны Мыйзам долбооруна демилгечи болууга чакырыптыр жана долбоор 2019-жылдын ноябрь айында эле иштелип чыккан экен.

— Бирок коомдук талкууга коюлган Мыйзам долбоорунда демилгечилердин бири катары Сиздин аты-жөнүңүз жазылбаптыр го, эмнеге?

— Менин өзүмдүн эле демилгелерим жетиштүү. Бирок Зулушев мени менен бул идеясын талкуулаган болчу. Мен ошо маалда аны колдогом жана азыр деле элден кандай башкарууда жашоону кааларын сурап коюудан эч кандай жаман нерсе көрбөй эле турам. Кайсынысы жакшы, 120 жетекчиби же баарына жооп берген, Конституция менен атайын ыйгарым укуктар берилген бирөөбү? Де-юре биз парламенттик республика эмеспиз. Жогорку Кеңеш бийликти толугу менен колго алуудан коркуп турат. Карасаңыз, жада калса, пандемия алып келген  кризис шартында дагы донорлор менен мамлекет башчысы жолугууда, финансылык маселелерди ал чечип жатат. Ал эми негизги Мыйзамга ылайык бул иштерди парламент жасашы керек эле. Бирок депутаттар демилге көтөрүп чыгышкан жок.

Бирок эл башкаруу формасынын айырмасын билбейт да. Суроону Курманкул Токторалиевич сунуштагандай кылып берсе туура болобу?

— Эл саясий илимдердин оош-кыйышын билбейт, президенттик жана парламенттик башкарууну айырмалай албайт, демек, туура эмес добуш берип коет деген эксперттер түшүнүктөрдү алмаштыруу менен алек болушууда. Референдум – саясат таануу сабагы боюнча тапшырылган экзамен эмес. Бул жерде жаңылыш тандоо тууралуу сөз да болбошу керек. Эгерде эл парламентаризм керек десе, анда парламентаризмди түзүү зарыл. Бирок бүгүнкүдөй эмес, Конституцияга ылайык. Эгерде президенттик башкарууга добуш беришсе, анда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип, президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтишибиз керек.  

Демек, президенттин мөөнөтүн жокко чыгарабызбы?

— Кеп учурдагы президенттин мөөнөтүн жокко чыгарууда эме. Алгач эл алар үчүн кайсынысы жакшы экенин чечишсин. Мен айрым саясатчылардын жана юристтердин коркунучун түшүнүп турам, эгерде Кыргызстанда президенттик форма кайра жанданса, анда бул бир кишинин диктатурасына жана авторитаризмге алып келет деп кооптонушууда. Бирок өлкөбүз 2 революцияны башынан өткөргөнүн, 2 президент куулуп кеткенин эске алсак, бийлик анчалык күчтөнбөйт. Мурдагы президенттердин кайгылуу тажрыйбасын ким кайталагысы келсин? Бирок биз азыр парламенттик демократияда жашабай элебиз, муну да түшүнүү керек. Шайлоочулардан жөн гана бир жолу сурап көрбөйлүбү, 6 миллион адам үчүн ойлонуп, алар үчүн чечип, өз фантазиябызды иштете бербей.

—Кризис маалында, Өзгөчө кырдаал кирген маалда референдум өткөрүү туура эмес го. Анын үстүнө, коронавирус пандемиясынан улам өтпөй калуу коркунучуна алып келген парламенттик шайлоо күнүнө байлоо туура эмес го. Сиз кандай деп ойлойсуз?

 —Эгерде өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими узартылса, албетте, эч кандай шайлоо болбойт. Жогорку Кеңешке шайлоо кампаниясы дагы жылдырылат. Бирок элдик добуш берүү маселесин күн тартибинен такыр эле алып салуу туура эмес. Бизде негизги бийлик элге таандык, саясатчылар муну түшүнүүсү абзел.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.