Комендант: Бааны негизсиз көтөргөн ишкерлер жоопкерчиликке тартылат

Окуялар тизмеги 11 Апр 2020 20:08
0 ой-пикир

10-апрелден 11-апрелге караган бир сутка ичинде Жалал-Абад облусунун аймагында баары болуп — 10 кылмыш окуясы катталган, алардын ичинен өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары, Сузак районунун аймагында – 2 кылмыш катталган. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков онлайн жыйында билдирди.

Коменданттын айтымында, андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн сутка ичинде Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 14, Сузак районунун аймагынан – 4 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, жаңы кабыл алынган мыйзамдын негизинде айып салынган.

Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 85 атуул ШРИИБге жеткирилип, алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн. Ошондой эле аталган аймактардан — 78 автоунаа кармалып айып аянтчасына коюлган.

Комендант Ж.Жоробеков суроолорго жооп берип жатып жеке ишкер, соода түйүн ээлерине жана соодагерлерге кайрылып, эгер негизсиз баалар көтөрүлгөн фактылар аныкталса мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын эскертип өттү

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.