Премьер-министр ишкерликти колдоонун кошумча чараларын иштеп чыгууну тапшырды

Окуялар тизмеги 10 Апр 2020 11:45
0 ой-пикир

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономикалык ишмердүүлүктү калыбына келтирүү маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, ишкерликти колдоонун кошумча чараларын иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешмеде белгилегендей, буга чейин кабыл алынган Өкмөттүн биринчи кезектеги чаралар планы өзгөчө абал режими маалында бизнести сактап калуу жана ишканалардын банкрот болушуна жол бербөөгө багытталган финансы жана салыктык мүнөздөгү кечиктирилгис чаралардын тизмесин камтыйт.

Мындан тышкары социалдык жактан аярлуу элге жардам көрсөтүү боюнча иш-аракеттер киргизилген. Кеңешмеде өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, донор уюмдар жана ыктыярчылар менен биргеликте аткарып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

«Бизнеске салык, отчет жана насыяларды төлөө жаатында бир топ жеңилдиктер берилди. Бирок тилекке каршы, бардык жоготууларды жабуу үчүн өлкөдө мүмкүнчүлүк жок экенин баарыбыз түшүнүп турабыз. Биз бардык күч-аракеттерди жумшоого тийишпиз. Ушул жана кийинки жума инфекциянын жайылуусуна каршы күрөшүүдө эң маанилүү. Буга байланыштуу жарандарыбыздан сабырдуу жана жоопкерчиликтүү болууну өтүнөм», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр мындан тышкары мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик компаниялардын чыгымдарын олуттуу кыскартуу зарылдыгын белгиледи. Мухаммедкалый Абылгазиев ишканаларды экономикалык жана финансылык колдоонун системалуу чараларын түзүүнүн, чакан жана орто бизнести колдоонун үстүндө иштеп жатканын кошумчалады. Анын айтуусунда бардык демилгелер азыркы кырдаалдын экономикага тийгизген таасири тууралуу талдоочулардын жана бизнес өкүлдөрүнүн сунуштарына негизделген.

Коронавирус пандемиясынын эпкини Кыргызстандагы ишкерликке да кедергисин тийгизип жатканы, өзгөчө кырдаалга байланыштуу өлкөдө тейлөө, жеңил өнөр жай, соода жана өндүрүш дээрлик токтоду. Өкмөт ишкерлерди колдоо үчүн болгон аракетин жумшап жатканын белгилеп келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.